Лондондо өткөн кинофестивалда «Мунабия» тасмасы баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу режиссёрТаалайбек Кулмендеев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Аталган тасма Eurasian Creative Guild эл аралык кинофестивалында баш байгени жеңип, «Эң мыкты көркөм фильм» наамына татыган.
«Мунабия» тасмасы белгилүү жазуучу Казат Акматовдун чыгармасынын негизинде тартылган. Тасмада Мунабия аттуу каармандын сүйүүсү үчүн күрөшкөнү баяндалат. Аталган каармандын тасмадагы жаш чагын Мээрим Атантаева ойногон.
Эске салсак, «Мунабия» тасмасы Орусиянын Анапа шаарында өткөн «Киношок-2018» фестивалында баш байгени жана «Эң мыкты сценарий» номинациясын алган.