Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.
“Кыргыз Өкмөтү Эл аралык арбитраждык сотто Ысык-Көл облусундагы пансионат маселеси боюнча өзбек тарапка утулду”- делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, бул сыяктуу доо арыздарды кароодо көп учурда башында маселенин өзү эмес, ошол талашты кароого арбитраждык трибуналдын юрисдикциясынын бар болушу каралат. Ошондон кийин гана маселенин маңызы боюнча кароо процесси башталат.
«Үстүбүздөгү жылдын май айынын башында биринчи этабы аяктап, жыйынтыгы боюнча арбитраждык трибунал бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экендиги тууралуу чечим чыгарган. Буга байланыштуу бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык арбитраждык сотто утулгандыгы тууралуу маалымат анык эмес болуп саналат. Бүгүнкү күнү Өкмөт тарабынан чаралардын кеңири түрү көрүлүп жана далилдер базасын түзүү, доогердин аргументтерин изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин айрым маалымат каражаттарында, Кыргыз Өкмөтү Эл аралык арбитраждык сотто Ысык-Көл облусундагы пансионат маселеси боюнча өзбек тарапка утулуп калганы тууралуу маалымат тараган.