• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыз өкмөтү отставкага кетти

21 Үчтүн айы 2021 13:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын өкмөтү отставкага кетти. Бул тууралуу жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койгону президенттин расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматка караганда, Жапаров өкмөт башчылыктан кетүү чечимин кечээ кабыл алган. Мындан улам өкмөт толугу менен отставкага кетти. Бирок министрлер кабинетинин жаңы курамы дайындалганга чейин алар өз милдеттерин аткарууну уланта беришет.

Эске салсак, 5-6-октябрдагы окуялардан кийин Кыргызстанда жаңы өкмөт дайындалып, аны Садыр Жапаров жетектеген. Бирок Жапаров президенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу убактылуу кызматын токтоткон. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кызмат биринчи-вице-премьер Артем Новиковго жүктөлгөн.

Количество просмотров: 50