• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргыз курамасын тосуп алуу иш-чарасы Ала-Тоо аянтында өтөт

23 Үчтүн айы 2019 10:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.01.2019.Govori.TV.

24-январда саат 15:00дө «Ала-Тоо» аянтында футбол боюнча Кыргыз курама командасынын катышуусунда чоң концерт болот. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өкмөт өкүлдөрү да катышат.

Эске салсак, футболчулар 24-январда таңкы саат 5те мекенине учуп келишет. «Аэропортко баруу футбол күйөрмандары үчүн ыңгайсыз болушу ыктымал. Каалоочулар көп, бирок аэропорт жабык объект болгондуктан бардык күйөрмандар менен жолугушууну борбордук аянтта өткөрүү чечими кабыл алынды. Футбол сүйүүчүлөрүн «Ала-Тоо» аянтында күтөбүз», — деп айтылат маалыматта.

21-январда футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын 1/8 финалындагы оюну аяктап, анда 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары утуп алды. Кыргыз улуттук курамасына мелдешке катышкандыгы үчүн 200 миң доллар сыйлык тапшырылат.

Количество просмотров: 29