• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-кытай чек ара 27-августка чейин жабылды

22 Баш оона 2018 14:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.08.2018.Govori.TV.

22-августтан тартып кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана «Эркечтам” өткөрмө бекеттери бир жумага убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, чек ара Кытай тараптын өтүнүчү менен Курман айт майрамына байланыштуу жабылып жатат.
Мамлекеттик чек арадагы бул эки бекет 27-августта кайрадан кадимки тартипте иштей баштайт.
Количество просмотров: 32