• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбек-казак чек арасындагы өткөрмө бекет убактылуу жабылды

6 Тогуздун айы 202215:21 Бишкек Govori.TV

Өзбек-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттердин бири убактылуу жабылды. Бул тууралуу Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Казакстандын «Казигурт» жана Өзбекстандын «С.Наджимов» көзөмөл өткөрмө бекеттери 6-октябрь күнү эртең менен саат 9:00дө туура бир суткага жабылды.

Буга «Узтрансгаз» акционердик коомунун эки өлкөнүн көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен өткөн газ куурларында гидросыноо иштерин жүргүзүп жатканы себеп болду.

Казак-өзбек чек арасындагы башка өткөрмө бекеттер адаттагы режимде иштейт.

Количество просмотров: 204