• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргыз-кытай чек арасындагы эки өткөрмө пункт 7 күнгө жабылат

17 Үчтүн айы 202011:41 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттары 24-январдан 30-январга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек ара кытай тараптын демилгеси менен (улуттук жаз майрамын белгилөө максатында) жабылат.

Өткөрүү жайлары 31-январдан баштап иштей баштайт.

Количество просмотров: 113