• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери бир нече күнгө жабылат

18 Үчтүн айы 202315:00 Бишкек Govori.TV

Кытай тараптын демилгеси менен “Жаз” майрамын майрамдоого карата кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” менен “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 21-24-январь аралыгында убактылуу жабык болот. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу жарандар, транспорт каражаттары жана жүктөрдүн өтүүсүнө 25-январдан баштап уруксат берилет.

Ал эми “Торугарт” бекети өзгөчө алгоритм менен иштөөдө: Кытайдан Кыргызстанга бир гана жүк менен транспорт каражаттары өтө алат.

Количество просмотров: 93