Кытай тараптын демилгеси менен “Жаз” майрамын майрамдоого байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү жайлары маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы билдирет.
Көзөмөл-өткөрүү бекеттер төмөндөгүдөй графикте иш алып барат:
“Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү жайлары 2022-жылдын 7-февралынан баштап атайын алгоритмдин негизинде Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүүгө ишин улантат.