• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кыргыз кыздары менен казак жигиттери «Сармерден» өткөрдү

25 Баш оона 2021 9:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында кыргыз-казак өнөр адамдарынын ортосунда «Сармерден» оюну өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Сармерден” оюуну кыргыз кыздары менен казак жигиттери ортосунда болду. Ачылыш салтанатына КР президентинин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Казакстандын маданият жана спорт министринин орун басары Нуркиса Дауешов, Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү жана кеңири коомчулук катышты.

25-август күнү казак кыздары менен кыргыз жигиттери ортосунда өтөт.

Количество просмотров: 734