• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз медициналык лаборатория Борбордук Азияда биринчи болуп эл аралык ISO/IEC аккредитациясын алды

5 Бештин айы 2019 11:41 Бишкек Govori.TV

Жугуштуу ооруларды аныктоонун сапатын көзөмөлдөөчү Кыргыз Республикалык илимий-практикалык борбору (ЖОАСКРИПБ) «Алдын алуучу медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин расмий аземинде эл аралык ISO/IEC 17043 аккредитация сертификатын алат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлиги жана Кыргызстандагы АКШ элчилиги менен чогуу 2019-жылдын 9-декабрында Логвиненко көчөсүндө, 8-үйдө саат 11.00 өтүүчү иш чарада лабораторияны аккредитциялоо боюнча Америкалык ассоциясынын берген сертификатын тапшырышат.

Лабораториянын ишин текшерүү жана мониторингдөө үчүн, же, эгер техникалык терминди колдонсок, квалификацияны текшерүүнү жүргүзүү үчүн ISO/IEC 17043 эл аралык таанылган стандарт болуп эсептелет. Квалификацияны текшерүү лабораториялык сапат процедурасынын айрылгыс бөлүгү болот: ал коомдук саламат сактоонун, калкка кызмат кылуунун эң маанилүү тармагы болгон лабораторияны үзгүлтүксүз өнүктүрүүгө алып келет.

Кыргыз ЖОАСКРИПБ –ISO/IEC 17043 эл аралык аккредитациясын Борбордук Азияда биринчилерден болуп алган лаборатория. Бул өлкөдө жана аймакта саламаттык сактоонун эң чоң жетишкендиги. Квалификацияны текшерүү эл аралык аккредитациялоо программасына катышуу менен Кыргызстандын лабораториясы изилдөөлөрдүн сапатын, өлкөнүн бардык аймактарында бейтаптарга медициналык жактан тейлөөнү жакшырта алат жана ишенимдүү жыйынтыктарды камсыз кылат. Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн медициналык лабораториялары дагы квалификацияны текшерүүнү жүргүзүү үчүн ЖОАСКРИПБ кызматын колдоно алышат.

ЖОАСКРИПБ – сапатты сырттан баалоо программасын иштеп чыгуучу жана ишке киргизүүчү, жугуштуу ооруларды аныктоо лабораториялары үчүн квалификацияны текшерүүчү улуттук лаборатория. Ал кыргыз медициналык лаборатоиряларынын сапатын көзөмөлдөөнү жүргүзөт, ошондой эле аныктоонун жаңы усулдарын, өлкөгө сырттан кирүүчү тестик топтомдордун тактыгын текшерет. Бул врачтарга диагнозду бат жана так коюуга жана дарылоону эрте баштоого жардам берет, ошентип ден соолукту коргоо жана бейтаптардын өмүрүн сактоого көмөлгө түзөт.

АКШ өкмөтү бир нече жыл бою ЖОАСКИПБна АКШ ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча Борбору (CDC) жана АКШ президентинин ЖИКСке байланыштуу жардам көрсөтүү үчүн өзгөчө планы (PEPFAR) аркылуу эл аралык стандарттарды ишке киргизүүгө жардам берип келген.

Сертификатты тапшыруу расмий аземине Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өкүлдөрү, АКШ элчилиги, АКШ ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча Борбору (CDC), эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттиги (USAID), жергиликтүү саламаттык сактоо уюмдары жана эл аралык донорлор катышышат. Катышууга ММК чакырылат. Азем 2019-жылдын 9-декабрында саат 11-00 башталат. Кошумча маалымат алуу үчүн [email protected] электрондук дарек же (+996 312) 544578 же (+996 312) 300048 телефондору аркылуу байланышыңыз.

Количество просмотров: 25