Түркияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда оор дартка чалдыккан кыргызстандыктарды Түркияда дарылоо үчүн квоталардын санын көбөйтүү маселеси талкууланып, Кыргызстан Түркиядан дары-дармек жана медициналык шаймандарды алып келүүнү макулдашты.
«Бул Украинада болуп жаткан кырдаалга байланыштуу дары-дармек рыногун толуктоого мүмкүнчүлүк берет», — деп жазылган Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматта.