• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна жаңы төрага дайындалды

10 Бирдин айы 202011:32 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жарлыгына ылайык, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп Азиз Аалиев дайындалды.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-февралда аталган фонддун жамаатына жаңы төрага тааныштырылды. Ал 2019-жылдын июль айында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү болгон. Ошондой эле Өкмөттүн аппаратынын каржы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Эске салсак, буга чейин бул кызматты ээлеген Эркин Асрандиев Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалган.

Количество просмотров: 121