• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фестивалында бир шырдак 400 миң сомго сатылды

29 Кулжа 2023 9:27 Бишкек Govori.TV

Күн мурун Нарында өткөн «Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фестивалында бир шырдак 400 миң сомго сатылды. Аны Казакстандан келген коноктор сатып алган. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эл аралык фестивалга 1 миңден ашуун адам катышкан, алардын ичинде 170и чет элдик туристтер. Андан тышкары, Япония, Өзбекстан, Казакстандын элчилери, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да келишкен.

Нарын районунун чебер уздарынын колунан жаралган кооз шырдакты Казакстандан келген коноктор 400 миң сомго сатып алды. Мындан сырткары, көптөгөн шырдактар, кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө коюлган буюмдар сатылып, кардарларын тапты.

Количество просмотров: 113