• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кыргыз-түрк форумуна 300дөн ашуун компания катышты

10 Аяк оона 2021 17:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин алкагында кыргыз-түрк бизнес форуму болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Ишкерлердин жолугушуусуна Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай катышты.

Форумдун жүрүшүндө болжол менен 250 ата мекендик жана 90 ашуун түрк компания өкүлдөрү энергетика, айыл чарба тармагындагы, тоо-кен өнөр жайына инвестицияларды тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө негизделген долбоорлорго тийиштүү маселелерди талкуулады.

Министрлер кабинетинин башчысы өз сөзүндө бир тууган Түркия Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн максималдуу күч-аракетти жумшоого даяр экендигин билдирди жана инвесторлорду өлкөгө чакырып кетти.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын вице-президенти маалымдагандай, түрк тарап да эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даяр жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жана көйгөйлүү маселелерди чечүүдө аталган форумдун маанилүүлүгүн белгиледи.

Количество просмотров: 137