• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Президент Кыргызстанда энергетикалык бөлүштүрүүчү жеке ортомчу компаниялардын санын олуттуу кыскартты

22 Үчтүн айы 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстанда энергетикалык бөлүштүрүүчү жеке ортомчу компаниялардын саны олуттуу кыскарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

«Учурда алардын саны 28ден 12ге чейин кыскарды. Азыркы тапта электр энергиясын калкка жеткирүү процессинде энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жою үчүн оптимизациялоо иштери уланууда», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 118