• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте курулуш компанияга 423 миң сом айып салынып, иши токтотулду

14 Жетинин айы 202514:05 Бишкек Govori.TV

Бишкекте курулуш компанияларынын бирине 423 миң сом айып салынып, иши токтотулду.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматы боюнча, курулуш объектилерин текшерүүдө Токмок көчөсү 45, 47 жана Загорская көчөсү 22, 24 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үйдө курулуш нормаларынын бузулгандыгы жана долбоордон сырткары иш жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Ошондой эле Мичурин 27 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу объектиде дагы долбоордон сырткары курулуш иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада эки объектинин курулуш иштерин жүргүзгөн «Стальмонтаж плюс» ЖЧКсына карата башкармалык тарабынан акт түзүлүп, 423 миң сом сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле башкармалык тарабынан жазуу түрүндө эскертүу берилип, компаниянын лицензиясы курулуш объектиси долбоорго ылайык келтирилгенге чейин токтотулду.

Количество просмотров: 128