Бишкек.22.02.2019.Govori.TV.
Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагындагы мектептин мүдүрү адепсиз мамиле кылган окуя боюнча Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги билдирүү жасады.
«Аталган маселе боюнча ыкчам түрдө иликтөө иштери башталып, окуу жайдын мүдүрү жана орун басарлары кызматтарынан четтетилип, ордуна жаңы убактылуу жетекчилик дайындалган. Ошондой эле Түркиядан келе турчу текшүрүүчүлөр аркылуу зарыл болгон текшерүү иштери жүзөөгө ашырылмакчы»,-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары учурда бул маселе боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдары менен тыгыз кызматташтык жүргүзүлүүдө.