• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-тажик атайын кызматтарынын башчылары жолугушат

4 Кулжа 2021 16:32 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын кесиптеши Саймумин Ятимов менен Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында жолугат. Бул тууралуу Ташиев Чоң-Алайда эл менен жолугушууда билдирди.

«Президент баарын көзөмөлгө алып турат. Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов бул жакка келе жатат. Келсе жолугуп, тынчтык жолу менен чечкенге аракет кылабыз”, — деди Ташиев.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Ташиев 4-июнда эртең менен Чоң-Алай районуна чукул учуп барды.

Количество просмотров: 261