• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргыз- тажик чек ара өкүлдөрү жолукту. Жетишилген макулдашуулар

17 Аяк оона 2022 8:46 Бишкек Govori.TV

«Гулистон-автожол» КӨЖда (ТР) УКМКын төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеевдин жана Тажикстан Республикасынын УКМКнин Чек ара аскерлеринин колбашчысы генерал-полковник Р. Рахмоналинин жолугушуусу өттү.

Бул жолугушууга Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун УКМК, чек ара ведомстволорунун, укук коргоо органдарынын аймактык башчылары да катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөндөгүдөй макулдашууларга жетишишкен:

— түн ичинде жана 2022-жылдын 17-сентябрында саат 09.00го чейин Чек ара ведомстволорунун облустук башкармалык башчылары жеке өздөрү Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чагымчылдык аракеттер жана ок атуулар болбошу үчүн иштерди уюштуруулары керек;

— бул иш-аракеттерди координациялоо максатында Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусунун УКМК, чек ара ведомстволорунун жана укук органдарынын аймактык башчылары кирген биргелешкен ыкчам штаб өз ишин «Гулистон-автожол» КӨЖда улантат.

Количество просмотров: 1088