• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өттү

15 Жетинин айы 2022 10:06 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги кеңешмеси болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешменини жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Тараптар кийинки кеңешмени Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашышты.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү манаайында өттү.

Количество просмотров: 231