• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү

17 Бугу 2021 16:20 Бишкек Govori.TV

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 13-17-майына чейин Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү.

Количество просмотров: 125