• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргыз-тажик чек арасында атышуу уланууда

3 Кулжа 2022 14:31 Бишкек Govori.TV

3-июнь саат 14:00гө карата Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу уланып жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

«КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик тараптын аскердик оор техниканы чек ара сызыгына алып өткөнүн каттады. Мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатат», — деп билдирет чек ара кызматы.

Эске салсак, бүгүн 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Количество просмотров: 778