Бишкек. 14.03.2019. Govori.TV
Кыргыз-тажик чек арасына жаңжалдын натыйжасында унаа жолу жабылып Лейлектен Баткенге жете албай бир топ автоунаалар жолдо турат. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Гульгакы Мамасалиева өз баракчасына видео жуктөгөн.
Анда автор жолдон өтө албай жаткан жарандар жөө басып өтүү аракетин көрүшкөнүн, бирок ал кадам ишке ашпай калганын айтып жатканын угууга болот.
Эске салсак, 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.
Жабылган жолдорду ачуу үчүн сүйлошүулөр жүрүп жатканы маалым болгон.