• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн район акимдери жолукту

2 Бирдин айы 2024 9:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген тийиштүү делегациялардын кезектеги жолугушуусу болду.

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу Баткен районунун Орто-Боз айылы менен Тажикстандын Хочаи-Аъло айылына чектешкен Төрт-Көчө жерлигинде өткөн.

Жолугушууда бир нече көйгөйлүү маселелер ортого салынып, төмөнкүлөр боюнча макулдашууга жетишилди:

  • эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы тынчтыкты, укуктук тартипти сактоо;
  • сугат суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуу;
  • жаз алды менен арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүү;
  • макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин жүргүзбөө;
  • чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн тиешелүү чараларды көрүү;
  • эки элди түрдүү чагымчыл чакырыктарга алдырбоо, тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Райондук администрациядан кошумчалашкандай, учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.

Количество просмотров: 75