• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып ок атылды

23 Бугу 201916:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ыр чыгып, асманга ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

22-майда, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Карабак айылынын Эски Мазар жерлигиндеги көрүстөнгө кечээ сөөгү коюлган жарандын тууган-уруктары куран окуп эскерүүгө баратканда, Тажикстандын чек ара кызматы келип, кыргыз жарандарын ал жерден кетүүсүн талап кылышкан.

Буга ылайык, кыргыз жарандары тажик чек арачылары жүргөн багытка аң каза башташкан. Ал эми тажик чек арачылары асманга эскертүү катары бир ок атышкан.

“Учурда Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланып, жергилүктүү жашоочуларга чек арачылар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүүлүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 16