Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.
Кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан курчуду. Кыргыз тарапта жабыркагандар бар.
Маалыматка караганда, жакын жайгашкан айылдардын тургундары чек арачылардын жанына келип, бири бирине таш ыргытып башташкан.
Окуянын жыйынтыгында кыргызстандык жаран жаракат алды. Чек арачылар элдерди ажыратуу максатында асманга ок чыгарууга мажбур болушту. Абал курч бойдон турат.
Эске салсак, кечээ Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда кыргызстандык жаран жаракат алганы маалымдалган.