• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасында курман болгондордун жакындарына жаңы үйлөрдүн ачкычы тапшырылды

17 Аяк оона 2021 12:54 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 28-30 апрелде кыргыз-тажик чек арасында курман болгон 36 адамдын жакындарына жаңы үйлөрдүн ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чара 16-сентябрда өтүп, ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, шейит кеткен адамдардын жакындарын колдоо максатында Садыр Жапаров демилгелеп, “Ихлас” жана SMA group жеке ишкерлер тарабынан каржыланды. Үй үч бөлмөлүү, ашканасы, керектелүүчү заманбап шарттары, күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү атайын жабдыктары бар.

Количество просмотров: 162