• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргыз-тажик чек арасында курулуш иши боюнча чыккан чыр жөнгө салынды

19 Бирдин айы 2021 18:12 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасында май куюучу жайдын курулушу боюнча чыккан чыр жөнгө салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-февралда Баткендин Кайрагач жеринде такталбаган тилкеге май куюучу жайдын курулушу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү ортосунда жолугушуу өттү.

«Кыргызстандын жараны Кулунду-Кайрагач унаа жолунун аймагындагы мамлекеттик чек арага жакын жерде май куюучу жайды курууну баштаган. Тажик тарап аталган объекттин курулушуна каршы экендигин билдирген. Эки тараптын тиешелүү органдарынын ортосунда сүйлөшүү жүрдү. Курулуш иштери токтотулган», — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге Кыргызстан жана Тажикстан тараптан 50дөн адам чогулган. Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

Количество просмотров: 226