• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасында кыраакылыкты күчөтүү талабы коюлду

12 Жетинин айы 2018 9:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.11.2018. Govori.TV
Тажистандагы соңку окуяларга байланыштуу кыргыз-тажик чек ара өткөрмө бекеттеринде жана чек арада турган түзүмдөрдүн кыраакылыгын күчөтүү талабы коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева «Азаттык» радиосуна билдирди.
Анын айтымында, чек арада абал туруктуу жана кайтаруу күчөтүлгөн жок.
«Биз азыр бул багытта мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөткөн жокпуз. Болгону чек ара өткөрмө бекеттеринде жана чек арада турган түзүмдөрдүн кыраакылыгын күчөттүк. Бизде кыргыз-тажик чек арасында ар кандай өзгөрүүлөргө каршы турчу күчтөр жана каражаттар жетиштүү», -деди ал.
Тажик өкмөтүнө жакын булактар менен коопсуздук өкүлдөрүнүн «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматына айткандарына караганда, Хожент шаарынын түрмөсүндөгү тополоң «Ислам мамлекети» тобунун диний экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон тарапкерлери тарабынан уюштурулган. Тополоң учурунда кеминде 24 адам, анын ичинде түрмөнүн эки сакчысы мерт болгон.
Маалыматка караганда, Тажикстандын түрмөсүндөгү тополоң 7-ноябрда «Ислам мамлекети» тобунун «согушкери» деп айтылган адамдын абак кайтаруучусуна кол салуусунан кийин башталган.
Количество просмотров: 21