• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу

25 Теке 2023 11:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында кырдаал туруктуу. 24-июль кечке жуук чек арада болгон окуядан кийин эки тараптын күч кызматтары жана жергиликтүү жетекчилер сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

«Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында эки тараптан тең чыр-чатакка тиешеси бар жарандар аныкталып, териштирүү иштери башталды. Коомдук коопсуздукту камсыздоо, абалды туруктуу кармоо боюнча Баткен облусунун башчысы менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы сүйлөшүү жүргүздү», — деп билдирди Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы.

24-июлда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча жеринде Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, коомдук коопсуздукту камсыздоо макулдашылды.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы дүйшөмбү күнү кечке жуук чектеш аймак тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын кабарлады.

Количество просмотров: 78