• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду

18 Жалган куран 201916:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду. Документке Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кол коюшту.

Протоколго ылайык, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулуш иштерин улантуу макулдашылды. Чектеш аймактардагы транспорттук каттам мурдагы режимде толук калыбына келтирилет. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өзгөчө белгилегендей, Проколго кол коюуда эки өлкөнүн өз ара кызыкчылыктары эске алынды.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик башчылары Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулушу жүрүп жаткан жерди көрүп келишти.

Ошондой эле белгилей кетсек, Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы кыдаалдын кесепеттерин иликтөө боюнча биргелешкен териштирүү тобунун иши улантылат.

Количество просмотров: 16