• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргыз-тажик чек арасында кыргыз жарандын унаасына ок атылып, ал жаракат алган

2 Кулжа 2020 10:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-июнь күнү кыргыз-тажик чек арасында кыргызстандык жарандын унаасына ок атылып, айдоочу жаракат алган.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, Баткен облусунун Баткен районунун Эки-Таш жергесинде болжол менен саат 01:20да «Ош-Исфана» жолу менен бара жаткан Кыргызстандын 38 жаштагы Б.Б. аттуу жаранынын унаасына Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык мылтыгынан бир нече ирет ок аткан.

Жыйынтыгында Кыргызстандын жараны жеңил жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.

Түндө эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон.

Учурда окуя жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.

Чек ара кызматы билдиргендей, саат 10:00гө карата кыргыз-тажик чек арасынын аталган тилкесиндеги абал туруктуу.

Количество просмотров: 120