• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

28 Чын куран 2021 20:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-апрелде саат 11:00 чамасында Кыргыз-тажик чек арасында ок атылган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн саат 11:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинен тажик жарандары экскватор жана «КамАЗ» менен шагыл жүктөп кеткен. Андан кийин 11:30 чамасында Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган.

Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видеокөзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда тажиктер ок чыгарган. Учурда кыргыз тарап видеокөзөмөлдү алуу талабын коюшууда. Бирок тажик тарап макул болбой жатат.

Учурда сүйлөшүүлөр улантылып жатканы чырдан жабыркагандар жок экени айтылууда.

Булак: Марал.

Количество просмотров: 359