• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгону айтылды

29 Теке 202112:03 Бишкек Govori.TV

Парламент жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берүүнү суранды.

Анын айтымында, 28-июль күнү чек арада ок атышуу болгон.

УКМКнын Чек ара кызматынын өкүлү кечээ, 28-июлда Көк-Таш участогунун Кум-Мазар деген жеринде жөнөкөй жарандардын ортосунда ок атышуу болгонун айтты.

«Ал жакта Тажикстандын жарандары асманга ок чыгарышкан. Чек арачылардын ортосунда ок атышуу болгон жок», — деди ал.

Количество просмотров: 2222