• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ворух талашка түштү. Согуштун арты эмне менен бүтөт?

7 Бугу 2021 19:17 Бишкек Govori.TV

Быйыл 26-мартта чек ара боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Ворух” анклавына байланыштуу чек ара көйгөйүн чечүү үчүн тажик бийлигине эки сунуш берилгенин жарыялаган.
Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи «Фейсбук» аркылуу кайрылуусунда Ворухтун анклав экенин четке каккан. Кезинде Кыргызстандын Баткен облусунун жарымы Тажикстандын аймагы болгонун айтып, доомат койгон жайы бар.

3-апрелде Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү Баткенде аскердик машыгууларды өткөрдү. Ага президент Садыр Жапаров өзү катышты.

9-апрелде тажик президенти Эмомали Рахмон алдын ала шардана кылып, атайын Ворух анклавына иш-сапар менен келип, жергиликтүү актив менен жолуккан учурда «ал жер эч качан алмашылбай турганын» айтканы тууралуу кабарлар чыккан. Ворух аймагына кандай максатта иш-сапар менен келгени белгисиз президент Эмомали Рахмондун бул жүрүшү кыргыз тарапка кыр көрсөтүү катары каралган.
19-апрелде Тажикстан дагы Кыргызстанга чектеш аймагында аскердик машыгууларды баштады. Аскердик талдоочулар муну тараптардын бири-бирине билек көрсөтүшү катары баалашып, бул тымызын тирештин жыйынтыгы кандай болот деген суроону коюшкан эле.
28-29-апрель күндөрү эки тараптын ортосунда чыр чыкты. Аскерлер менен бирге эле жарандар жабыркап, ондогон адамдар өмүрү менен кош айтышып, жүздөгөнү жарадар болгон, турак жай, мектептер жана башка курулуштар талкаланып, өрттөлдү.

Тажиктан Кыргызстандын Максат, Көк-Таш, Арка сыяктуу айылдарын бастырып кирди. 1-майда гана согуш токтоп, эки тарап протоколго кол коюп тынчыды.

Протоколдун маңызын эч ким биле алган жок. Тажик тарап биринчилерден болуп келишимди ачыкка чыгарды. Анда Тажикстандын Кожалы айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду эки тарап биргелешип курууну макулдашканы маалым болду. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап Кыргызстан менен кошо салат жана колдонот. Бул маалыматты кыргыз өкмөтү ырастады. Баткен облусунун экс-губернатору Султанбай Айжигитов бул чечимди өтө чоң катачылык, түшүнүксүз иш катары баалады.

Мурдагы Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тажик тарап Ворухту кайрадан бириктиргиси келсе, анда Тажикстандын аймагында калып калган Мургаб районун тарыхый өлкөсү Кыргызстанга кайтарып берүүсү керек деген билдирүүсүн жазды.

Ошондой эле кыргыз жарандарын кабатырланткан дагы бир жагдай кыргыз-тажик чек арасын тактоодо 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү боюнча жана паритеттик комиссиянын 1989-жылдагы документтерин пайдалануу чечими кабыл алынган. Деген менен тажик тараптын бул сунушуна кыргыз тарап 30 жылдан бери макул болбой келген.

Бул арада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүүдө айтылган жагдайларды чечмелеп берди.

Кыргыз бийлиги Ворухту биротоло анклав деп чектөөнү же көйгөйдү чечүү үчүн алмашууну сунуштаса, тажик тарап аны негизги аймагына кошууну көздөп, доомат артканы белгилүү болду. Тараптар совет доорундагы ар кайсы учурда чийилген карталарга таянып, өз жүйөлөрүн айтып, бирок бир пикирге келе албай келишет. Мурдагы дипломат Бактыгүл Каламбекова чек ара маселесин чечүүдө эки тараптын улуттук кызыкчылыгы эске алынышы керектигин баса белгиледи.

Ал эми президент Садыр Жапаров чек ара чечилмейинче Тажикстанга барбай турганын Баткенде Маргун айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

Бул арада Россия президенти Владимир Путин менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон 8-май күнү Москвада жолугуп, кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулай турганы айтылды. Тажикстандын аймактарында тактала элек жер тилкелери көп. Бул чек арага жакын аймактарда толкундоолордун чыгышын шарттап келет. Эки мамлекеттин жергиликтүү тургундары сууну пайдалануу жана чек арадан мыйзамсыз өтүү маселелери боюнча байма-бай чатакташып келишет. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы гана демаркацияланган. Калган аймактардын азыркыга чейин тактала элек. Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугу Тажикстандын Кыргызстанга карата агрессиялык аракетин эл аралык ыкмалар менен жоопко тартууну талап кылышууда.

Количество просмотров: 10356