• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасы: Баткендеги губернатордун орун басары бараткан унаага таш ыргытылды

30 Теке 2021 12:18 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын жарандары президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары бара жаткан унаага таш ыргытышкан. Маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, окуя 29-июлда болжол менен саат 20:15 чамаларында болгон. Унаанын алдыңкы жана арткы айнектери сынган. Рахимов жергиликтүү бийлик башчылары менен бирге Ак-Сайда өрттөлгөн үйлөрдүн ордунда жүрүп жаткан жаңы курулуш иштерин көрүп чыккандан кийин Таш-Тумшукка барган. Ал жакта да калыбына келтирүү иштери менен таанышып жаткан учурда жанаша жайгашкан Тажикстандын Кожайло айылынын 15-20га жакын тургуну келген. Ортодо пикир келишпестик жаралып, тажикстандык бир жаран таш менен урган.

Аталган факт Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө КР Кылмыш кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча катталды.

«Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин Ифара райондук милициясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүсү болду. Жыйынтыгында тажик тарап келтирилген зыяндын ордун толтурат»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган чек арага жакын аймактарда Баткен милиция кызматкерлери тарабынан элдин коопсуздугун сактоо максатында алдын алуу, түшүндүрүү иштери алып барылууда.

Количество просмотров: 150