• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтоду

10 Үчтүн айы 2020 9:20 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулар токтоду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, чек ара тилкесинде жагдай чыңалуу элементтер менен коштолуп салыштырмалуу туруктуу. Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барышууда.

«Чек ара тилкесинде күч түзүмдөрдүн иш-аракетин Баткен облусунда жүргөн Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев координациялоодо»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 59