• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргыз-тажик чек арасында ок тийген милиционер ооруканага жеткирилип, операция жасалууда

14 Жалган куран 2019 18:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылында ок тийген кыргыз жаран ооруканага жеткирилип, азыр ага операция жасалууда. Аталган маалыматты КР Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, жараат алган эркек кишинин бутуна ок тийген. Операция жүрүп жатат, абалы туруктуу.

ИИМдин маалыматы боюнча, чек арада ок болжол менен 15:50 чыккан. Жараат алган адам – милиция кызматкери экендиги тастыкталды.

Кечээ, 13-мартта, дагы бир кыргыз жарандын төшүнө ок тийип, ооруканага түшкөн. Медиктердин маалыматы боюнча, ал азыр реанимация бөлүмүндө. Абалы оор, бирок туруктуу.

Эске салсак, бүгүн Ак-Сай айылына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келген. Ал күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп жаткан кезде, тажик тараптан ок атылып, Кыргызстандын милиция кызматкерине тийген.

Учурда чек арачылар, милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү абалды көзөмөлгө алууга аракет кылууда.

Количество просмотров: 13