Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 7:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда.
06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мащар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.
06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.
«КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат кылууда жана абалды турукташтырууга жана жаңжалдын чыгып кетүүсүн алдын алууга бардык күчүн жумшайт»,-деп айтылат маалыматта.