• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган окоптор көмүлдү (сүрөт)

13 Баш оона 2021 12:22 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган окоптор көмүлдү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кече, 12-августта президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы аң казуу аракеттерин токтотуу жана башка чек арага жакын аймактардагы тажик тараптын жүргүзүп жаткан курулуш иштери (тосмо) боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

«Натыйжада Лейлек районунун Катта-Туз участкасындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Лейлек районунун Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп,казылган аң кайрадан толтурулду.

Мындан сырткары жакынкы аралыкта чек аралаш аймактардагы жаралган көйгөйлүү маселер жана чек арадагы орун алган окуяларды алдын алуу жана болтурбоо боюнча Баткен жана Согди облустарынын башчылары баштаган эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 356