• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасында тажик жарандары ок атышты (видео)

10 Үчтүн айы 2020 16:42 Бишкек Govori.TV

9-январда кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Көк-Таш айылында жергиликтүү тургундардын үйүн өрттөп кетүү фактысы катталды.
10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкты. Баткен районунун Жака-Өрүк районунда белгисиз адамдар кыргыз жаранынын автоунаасын таш менен ургулашкан.
Таш менен дагы бир кыргыздын автоунаасын Көчө-Карын деген жерде ургулашкан.
Андан соң Тажикстандын жарандары Дахма тилкесиндеги кыргыз жаранынын үйүнө таш ыргытышкан.
Көп өтпөй Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылды. Ок тажик тараптан гана маал-маалы менен атылып жатты.
Азыр абал тынч. Тажик тараптан ок атуу токтоду. Баткен милициясы чек арада жашаган элди коопсуз аймакка чыгарды. Тургундар кыштактагы Шайдулла Ганы орто мектебине жайгаштырылды.
2019 жылы мамлекеттик чек арада жалпысынан 17 чыр-чатак катталган.

Количество просмотров: 244