• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын жараны кармалды

20 Аяк оона 2018 17:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек 20.09.2018 Govori.TV

 Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдиргендей 19-сентябрында Баткен чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Тажикстандын жаранын кармашкан.
Тажикстандын 1999-жылы туулган жараны кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын көзөмөл пунктунан сырткары жерден өтүп, чек ара кезмети тарабынан Кыргызстандын территориясынын чек ара тилкесинен 500 метр аралыкта кармалган.
Ал эми анын жанынан өздүгүн тастыктаган документтери жок болуп чыккан. Учурда кармалган тиешелүү айып тагылып, тиешелүү документтер толтурулган соң Тажикстандын чек ара кызматына тапшырылган.
Количество просмотров: 28