• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

10 Үчтүн айы 202410:02 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөөнүн очогу: Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Алай кырка тоолорунда, Ачык-Суу айылынан туштүк-чыгышты карай 11 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 132 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жер силкинүү Кыргызстандын калктуу пункттарында сезилген эмес.

Количество просмотров: 283