• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу

4 Кулжа 2021 15:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-июнь саат 14:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагында абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү кызмат адамдары жеринде абалды жөнгө салуу боюнча иш алып барууда.

Эскерте кетсек, Тажикстандын аскер кызматкерлери 4-июнда таңкы саат 03:00дө Кыргызстандын аймагына 1000 метр кирип келип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын жазылбаган тилкесине контейнер орноткон. Буга чейин Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бербей жатканы айтылган.

Тажикстандын аскер кызматкерлери делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери жыйынтыкталганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жазылбаган тилкелерде кандайдыр-бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу мурда жетишилген макулдашууларга карабастан, жетишилген келишимдерди бузуу менен Кыргызстандын аймагына кирип келген.

Мындан улам кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жетекчи, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев менен биргеликте түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн аталган жерге барышты.

Количество просмотров: 107