• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал…

13 Чын куран 202211:10 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 13-апрелинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.

Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, атышуулар катталган жок.

Түнкүсүн саат 03:00дөн 03:55ке чейин “Кулунду-авто жол” (КР) жана “Овчи-Калча-авто жол” (РТ) көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы аймакта Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле тараптардын эки облусунун укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар төмөндөгүлөрдү макулдашышты:

— кошумча күч жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жайларына алып чыгууну контролдоо боюнча. Кошумча өздүк курамды, аскердик техниканы жана курал-жарактарды чыгаруу ушул чечим кабыл алынгандан кийин 12-апрелден баштап биринчи мүнөттөрдө башталган;

— бүгүн, 13-апрелде саат 11:00дө Баткен облусунун Лейлек районундагы Селкана жерлигинде чыр-чатак орун алган жерде эки республиканын делегацияларынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусун өткөрүү тууралуу.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.

КР УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Количество просмотров: 128