• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасындагы азыркы абал айтылды

18 Аяк оона 2019 11:39 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу экендигин маалымдайт.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жалпысынан 5 өткөрүү жайы иштейт. Анын ичинен төртөө күнүмдүк тартипте иштеп жатат. Ал эми “Кулунду-унаажол” көзөмөл өткөрүү жайында 17-сентябрда тажик тарап Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон. Үчүнчү өлкөнүн жарандары болсо бул өткөрүү жайынан эч кандай чектөөсүз өтө алышат.

КР МЧКнын чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлчүлүтөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда.

Количество просмотров: 175