• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргыз-тажик чек арасындагы бекеттердин алынуусу боюнча Ташиев түшүндүрмө берди

26 Аяк оона 2022 11:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы алына турган бекеттер боюнча түшүндүрмө берди.

Ташиевдин маалыматына таянсак, заставаларды эки тарап алуусуна буга чейин улам-улам кайталанып келген ар кыл деңгээлдеги чыр-чатактар себеп болду.

«Анткени бул заставалар эки тараптан тең бетме-бет турчу. Алардын арасында ортосундагы аралык 50 метрди түзгөнү бар. Аскерлер бири-бири менен бир аз айтыша кетсе эле атышып жатып калышат. Анан “сен биринчи баштадың, жок сен биринчи ок чыгардың” деп бири-бирибизди күнөөлөп жатып калабыз. Башкача айтканда, эки тараптын заставларынын өтө жакын жайгашуусу кырдаалдын курчушуна себеп болуп келген. Эми алардын алынышы менен эмнелер өзгөрдү?

Заставалар алынган менен чек арада бир метр ары же бери жылган жок, жылбайт дагы. 24 саат бою көзөмөлдө турат. Азыр 21-кылым. Технологиянын заманы. Спутниктен, учкучсуз учуучу аппараттан, дрондордон көрүп турабыз. Мындан тышкары, аскерлерибиз, жергиликтүү элибиз өз көздөрү менен көрүп турат. Жергиликтүү эл ар бир сантиметр жерди билет. Андыктан “посттор ачылды” деп элдин башын айлантпагыла. Посттор ачылган жок. Посттор качан гана чек ара тилкелерди тактап бүткөндөн кийин гана ачылат. Өлкө жетекчилигинин чечими ошондой.

Элди дүрбөлөң кылып, арам ойлорун ишке ашыргысы келгендерге айтаарым: кыялыңар ишке ашпайт. Биз мурдагыларга окшоп сураган жерин кармата салып, “менден кийин эмне болсо ошол болсун” деп чечип кеткенден алыспыз. Саткын эмеспиз. Санаага батпай тынч уктаңыздар. Баары жакшы болот! Бир сантиметр жерибизди бербейбиз! Чек ара маселесин чечебиз», — деп билдирген Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, 25-сентябрда «Кызыл-Бел-автожол» чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК төрагалары жана бир катар тиешелүү мекеме жетекчилери, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчыларынын жолугушуусу өттү. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын жана Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюлду.

Количество просмотров: 184