Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
28-апрель күнү, Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев авто унаасы менен Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайытка кетип бара жатканда чектеш мамлекеттин тургундары анын унаасына таш ыргытышып терезесин талкалашкан.
Govori.TV редакция чек аранын басма сөз кызматына байланышып, иштин чоо-жайын аныктаганыбызда, эки айыл башчылары жолугуп, сүйлөшүүлөр аркылуу маселени чечишкен. Натыйжада, зыян келтирген тарап Эркин Жолчиевге 14 миң сомдой акча төлөп берип, учурда абал туруктуу экенин айтты.
Эсиңиздерге салсак, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрү чек арадагы чыр-чатактарды азайтыш үчүн чек ара сызыгын тактоону көп жылдан бери талкуулап, бирок жыйынтык чыгара албай келишет.