• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда өрттөлгөн турак үйдү курууга каражат бөлүндү

28 Бугу 2020 12:48 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында кыргыз-тажик чек арасында орун алган чырдын кесепетинен толугу менен өрттөлгөн турак үйдүн курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө курулушка мамлекет тарабынан жетиштүү каражат бөлүндү.

«Буга чейин ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов турак үйсүз калган үй-бүлөнүн муктаждыгын кечиктирбей чечүү максатында, тергөө иштеринин жыйынтыгын күтпөй, курулушту баштоо, турак үйдү күз айларына бүткөрүү боюнча Баткен районунун жетекчилигине тапшырма берген», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми турак үйдүн өрттөлүшү боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Баткен-Согди облустарынын тийиштүү укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Тергөөнүн жйынтыгы менен күнөөлүүлөр аныкталып, чыгымдын орду толтурулат.

Количество просмотров: 170